Самбо жана өзбек күрөшү боюнча Жайкы Азия оюндарында Кыргыздын намысын 7 балбан коргойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Индонезияда 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарында самбо жана өзбек күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнөн 7 балбан катышат. Алардын арасында жалгыз кыз Жумали кызы Анара да бар.
Самбо боюнча курама:
1. Азамат Асакеев
2. Урмат Мамбетжан уулу
3. Анара Жумали кызы
4. Тилек Аманкулов
5. Машыктыруучу - Андрей Топик
Өзбек күрөшү боюнча курама:
1. Мирлан Эралиев
2. Тилек Куралов
3. Санжар Осмоналиев.