Жайкы Азия оюндары: Бүгүн футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Малайзияга каршы беттеш өткөрөт

Бүгүн, 15-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Малайзия курамасы менен беттешет.

Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын футбол боюнча мелдешинде "Е" тайпасындагы беттештер орун алат. Анда Кыргыз курамасы Малайзия менен күч сынашса, Түштүк Корея менен Бахрейн курамалары кез келет.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 футболчу кирди. Анда 23 жаштан жогорулар Калысбек Акималиев, Темирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу.

Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы:

  • Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков, Калысбек Акималиев;
  • Коргоочулар: Айзар Aкматов, Давлятжан Баратов, Андрей Долженко, Темирлан Kозубаев, Аманбек Маныбеков, Азат Мурзашев, Аскарбек Салиев, Мустафа Юсупов;
  • Жарым коргоочулар: Одилжон Aбдурахманов, Азим Aзаров, Атай Жумашев, Нуртай Kурмантай, Элдияр Сардарбеков, Темирболот Тапаев;
  • Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кадырбек Шаарбеков, Кайрат Жыргалбек уулу;
  • Башкы машыктыруучу - Игорь Кудренко.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан