Президент Сооронбай Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, өлкө башчысынын иш сапары бүгүн, 15-августта Ош облусунан башталат.
Бул иш сапардын алкагында, Жээнбеков аталган аймактардагы социалдык, өндүрүштүк жана айыл чарба багытындагы мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушат.
Буга чейин президент Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына иш сапары менен барып келген.