Казак акындары менен эл аралык айтышта ат салыша турган кыргыздын төкмөлөрү аныкталууда

Бүгүн, 15-августта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган XII эл аралык айтышка төкмөлөрдү тандоо туру өтүүдө .

Айтышка жалпы 32 төкмө катталып, 16 жупка бөлүндү. Акындардын өнөрүнө Күмөндөр Абылов, Садык Алахан, Рыспай Исаков, Кыялбек Урманбетов баш болгон калыстар тобу назар салууда. Ар бир жупка өз дареметин көрсөтүүгө 10 мүнөт убакыт берилди.

Тандоо турунан өткөн 8 кыргыз акыны Казакстандан келген 8 акын менен айтыш курат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
madina.87
2018-08-15 12:01:32
Идиристи кошкула, бөлбөй
+9
samsungc3
2018-08-15 12:06:04
Идирис Айтбаевди чакыргыла.
+6
FCB14
2018-08-15 12:15:06
Туткучев
+3
basyz-kaman
2018-08-15 12:15:13
Идирис Айтбаевди чыгаргыла
+2
Janym_ata_enem
2018-08-15 12:23:30
Кайсыл жерде болот? Билсенер дарегинда айтып койгулачы адммн
0
baihan07kenjetaev
2018-08-15 12:38:36
Кыргыздын болгон акындары келип катышышат, Аалы менен Идирис сөзсүз чыгат деп ойлойм, анткени Казахтардын акесин тааныта турган алп акындар ошолор.
+5
surgeon777
2018-08-15 12:43:26
Аалы Туткучевди созсуз чыгаргыла,какендердин кокосун таанытып ойда бир кулактын кычуусун кандырып жарпыбызды жазсын!)))
+3
Ayimkaaaaaa
2018-08-15 13:18:09
Идирис Айтбаев чыкса эн сонун болот.
0
Romantik.
2018-08-15 13:54:56
Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиев, Идирис Айтибаевди чыгаргыла, казактарды камчылай турган жигиттерибиз
+1
nur007mir009kg
2018-08-15 14:34:57
Идирис Айтбаев да кошулдубу? Бул күчтүү акын. Бирок эмнегедир бул акынды артка тартып жатышат биздин акындар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан