Бишкекте доллардын расмий курсу 70 сомго жакындап калды

Бүгүн, 15-августта (саат 16:30га карата) Бишкекте кыргыз сомуна карата доллардын жана рублдун курсу жогорулап жатат. Улуттук банктын маалыматы боюнча, бир күн мурун 1 доллардын сомго карата курсу 69 сом 25 тыйындан болуп жаткан болсо, учурда 69 сом 49 тыйынга жетти. Ал эми рубль 1 сом 4 тыйын болуп, 1 тыйынга жогорулады.

Ал эми айрым акча алмаштыруу жайларында сомдун доллар жана рублга карата курсу ар кандай баада болууда. Тактап айтканда, кээ бир акча алмаштыруучу жайлардын ээлери 1 долларды 69 сом 30 тыйындан, рублду 1 сом 3 тыйындан сатып алып, долларды 69 сом 50 тыйындан, рублду 1 сом 0,49 тыйынга сатышууда. Ошол эле учурда дагы башка акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 69 сом 40 тыйын, рубль 1 сом 4 тыйынга алынып, доллар 69 сом 65 тыйын, рубль 1 сом 5 тыйынга сатылып жатат.

Август айынын башында акча алмаштыруучу жайларда 1 рублду 1 сом 7 тыйынга, долларды 69 сомго алмаштыруу мүмкүн болуп жаткан.

Ал эми Орусияда доллардын рублга карата курсу да жогору болууда. 8-август күнү айрым банктарда 1 долларды 65 рубль 54 тыйынга сатып алууга мүмкүн болсо, 15-августта орточо эсеп менен 66 рубль 50 тыйынга чыкты.

Орусиялык адистер рублдун төмөндөгөнүнүн себеби АКШнын Орусияга карата жарыялаган жаңы санкцияларынан болушу мүмкүн деп айтышууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан