"Ала-Тоо" полигонундагы жоокерлердин кордук көргөн окуясы. Аскердик бөлүктүн мурдагы башчысынын апасы соттон калыс чечимди талап кылды

Жоокерлер кордукка кабылды делген Кой-Таш аскердик бөлүгүнүн мурдагы башчысы Заттарбек Калыбек уулунун апасы Райкан Аманова 15-августта Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Жыйын учурунда соттон уулуна карата акыйкат чечим чыгуусун талап кылды. Анын айтымында, уулу аталган аскердик бөлүктө 5 жылдан бери жакшы иштеп келген.

"Уулум аскердик бөлүктө 5 жылдан бери иштейт. Бир жыл мурун аталган бөлүккө жетекчи болуп дайындалып, жакшы иштеп жаткан. Азыр эмне болуп жатканы боюнча так маалыматыбыз жок. Бишкекке кечээ гана келгендиктен, уулум менен байланыша алган жокмун. Азыр камакта экен. Ошондуктан сот калыс чечим чыгаруусун талап кылам", - деди Аманова.

Аны менен бирге маалымат жыйынга катышкан жакыны Тыныбек Абдыкалыков да тергөө иштери калыс каралып, сот туура чечим чыгаруусу керектигин кошумчалады.

Буга чейин Кой-Таш №73809-аскер бөлүгүндөгү "Ала-Тоо" полигонунда аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокер офицерлер тарабынан ур-токмокко кабылганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтып чыккан.

Аталган аскердик бөлүктөгү фактылар боюнча үч кылмыш иши козголуп, тиешелүү адамдар камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nanei
2018-08-15 17:51:34
Уллунуз бироонун баласын кул катары иштетип жатканда ,кулагын жара чапканда талап кылбайтбелениз "ай балам антпе ,бу да бироонун баласы го"депчи
+16
bond02
2018-08-15 18:00:45
Камасын куноосун мойнуна коюп аскер кызматкерлери оздору сабап жатса жоокерлерди анан кайсы ата эне жиберет армияга баласын.
+10
Aigerim.95
2018-08-15 18:17:14
Жоокерлерди кордоп жаткандагысын элестетип кордунуз бекен баланыздын??? Апакеси. Баланыз оз жазасын алсын.
+7
sainazarov0555
2018-08-15 18:18:11
Балан мыйзам бузса, соттон кандай акыйкат чечим чыгаруусун талап кыласыз.
+8
Дарыгер
2018-08-16 03:42:58
sainazarov0555,акыйкат чечим бул камоо да. Ушуга макул болушуна сот талап кылсын эми
0
sainazarov0555
2018-08-15 18:20:13
Жоокерлерди кордоого баланыздын акысы жок болчу.
+9
Aigerim.95
2018-08-15 18:20:26
Жакшы иштеп жатса жондон жон эле арыз жазылып, камалбаса керек. Ур-токмоктолуп, буттарынын алдына ок атылган жоокерлерди да ойлоп койгула.
+8
sainazarov0555
2018-08-15 18:22:27
Алар эмне кул беле ? Алар Ата-Мекенди горгоого барышкан.Ошончолук да зоокур болобу
+8
sainazarov0555
2018-08-15 18:23:53
Ошондой мамиле кылышса, ким барсын армияга
+8
sainazarov0555
2018-08-15 18:27:08
Солдат эмне адам эмеспи ! Баланыздын укугун коргогуча, алардан, алардын Ата энесинен кечирим сурабайт белениз эжеке.
+7
taalay25
2018-08-15 18:31:35
Анда баланыздын званиясын которуп мумкун дагы экинчи даражадагы Манас орденин бериш керек! Кызматты туулган кунуно белек кылып бербесенер керек
+7
Mehazahn57
2018-08-15 18:34:33
Азыркы жоокерлер бир аз таяк жесе эле арыз жазышып,апаларына чалып даттанышат сабап кыйнап атат деп. 15 жыл мурун кызмат отогонунордо олуп эле алмак экенсинер чыдабай.
0
baisogur
2018-08-15 19:32:23
Mehazahn57,созуно кошулам азыр детсатта журушот чардашып.
-1
aibars
2018-08-15 20:08:23
Ошентип армияга барып милдет отоп, жалгыз турсан анан 3-4 тоосу келип сени уруп тепкилеп майып кылып койсо. Кайдагы жоокер чыгат, кайдагы кучтуу татыктуу коргоочулар чыгат? Ар нерсенин чеги барда озу, атайын мушташтырсын машыктырып, мушташуунун ыкмаларын уйронушсун. Кыйнап тренировока кылдырсын. Бирок ушундай болсо кечирип эле койгулада. Чала жан жоокер эмнеге жарайт?
+1
Dalil
2018-08-15 21:55:46
aibars, армия силер ойлогондой өтө коркунучтуу эмес. Ооба ал жерди балдар бакчасына салыштырып болбойт. Ал жакта жалаң эркек кызмат өтөгөн соң муш болуп туруучу көрүнүш. Же эмне башка жерде андай болбойбу? Мен дагы кызмат өтөгөм, бирок офицерлер кол көтөрчү эмес. Анча мынча үйүндөгү ишине кол кабыш кылганы алып барчу. Андайда курсакты кампайта тойгузуп кээ бирлери жакшы мамиле кылышчу. Ойлонгула кыргызым бул Абдирасулованын саткындык иши кыргыз элин аскерге болгон оюн жаман жака өзгөртүү
-1
Dalil
2018-08-15 22:05:26
ХХХ ХХХ ХХХ Aibars сен ойлогондой эле жөн эле турган жоокерди ортого алып эле сабай беришпейт. Ал жерге акыл эси жайында ден-соолугу таза эркектер барат. Айрыкча тормоздор көп токмок жейт. Себеби алардын тормоздугу башкаларга да залакасын тийгизет. Ошон үчүн андай тормоздорду кара иштерге көбүрөөк тартат. Аларга курал берүү да коркунучтуу
0
admin_media
2018-08-16 11:27:23
Dalil, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан