Экономика илимдеринин доктору, белгилүү эксперт Жумакадыр Акенеев бүгүн, 15-августта 64 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв кабарлады. Маалым болгондой, Акенеев Бишкектеги ооруканалардын биринде жүрөк дартынан улам каза болду.
Жумакадыр Акенеев 1954-жылы 22-январда Тоӊ районунун Улахол айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал Улуттук статистика комитетин, Айыл чарба министрлигин жана Нефтетрейдерлер ассоциациясын
жетектеп иштеген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жумакадыр Акенеевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.