Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган ар кандай кароо-сынактардын жыйынтыгы китеп болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатенттин) төрайымы Динара Молдошева маалымат жыйынында билдирди.
"Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөдө биздин ишкана да четте калган. Кыргызпатент тарабынан сүрөтчүлөргө, айкелчилерге сынак уюштурулду. Жеңүүчү аталган авторлордун эмгектери өзүнчө китеп болуп басылып чыкты", - дейт Молдошева.
Ал аталган китепке авторлордун жазуучунун эмгектеринин негизинде аткарылган иштери киргенин жана бул адабиятка кошкон салым болуп эсептелерин кошумчалады.
Сынакка 100 ашуун адам катышып, анда 4 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылган.