Кыргызпатент: "Быйыл музыкалык чыгармаларды кафелерде мыйзамсыз колдонуу боюнча 4 факты катталган"

2018-жылдан баштап автордук укук бузуу боюнча 4 факты катталган. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта өткөн маалымат жыйынында Кыргызпатенттин Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыскүл Турсуналиева билдирди.

Анын айтымында, музыкалык чыгармаларды кафелерде мыйзамсыз колдонуу боюнча 4 факты катталган.

"Чыгарма жазган ар бир автор бизге келип чыгармасын каттатып коюусу зарыл. Анткени автор жалгыз, ал эми колдонуучу көп. Буга байланыштуу атайын мыйзам иштейт. Телеканалдар, радио, театрлар, соода борборлору, кафе, ресторандар менен Кыргызпатент атайын келишим түзөт. Анын негизинде кабыл алынган мыйзамдардын негизинде алар акча төлөшөт. Ал акчалар ар бир жылдын март айынан баштап май айына чейин авторлорго таратып берилет. Биздин ишканага эч кандай каражат калбайт. Эгерде 2017-жылы 6 ай ичинде 3 миллион 675 миң 856 сомго жакын акча чогулуп авторлорго таратылып берилсе, 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында 3 миллион 918 миң 587 сом чогулду", - деп билдирди Турсуналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан