ИИМдин борбордук аппараты 600дөн ашуун кызматкерге кыскарды

ИИМдин борбордук аппараты 600дөн ашуун кызматкерге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

"Өлкөнүн аймактарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында ИИМдин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын штаттык эсебин оптимизациялоо жүргүзүлдү. Жогоруда аталган аппараттын 625 штаттык бирдиги райондук, шаардык милиция бөлүмдөрүнө жана айылдык милициянын бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилди", - деп билдирди Сейитов.

Аталган 625 штаттык бирдиктин ичинен 34ү - жетектөөчү кызматтык орундар. Тактап айтканда, ИИМдин аппаратынан 20 орун, ИИБден 14 орун кыскартылган. Аймактардагы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, 100 штаттык орун аймактык тескөөчүлөрдү түзүүгө, 25 штаттык бирдик жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөргө, 45 орун нөөмөт бөлүктөрүн чыңдоого берилет.

Ошондой эле ИИМдин тергөө кызматынын курамындагы анча оор эмес кылмыштарды тергөө бөлүгү түзүлүп жаткандыгына байланыштуу 255 штаттык орун аталган кызматка берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-08-16 16:19:17
Министр ИИМ азамат...
Кашкарды мурда эле дайындаганда болмок... Реформа деп ушул иштин башталышы. Эми кызматкерлер таза иштеп берсе...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан