2018-жылдын аягына чейин өлкөдө туристтик милиция өз ишин баштайт. Бул тууралуу 16-августта маалымат жыйында ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.
"Ушул жылдын аягына чейин туристтик милиция толугу менен түзүлүп бүтүп, өз ишин баштайт. Бул бөлүм өлкөдөгү туризм саясатын жакшыртуу, эс алуучу жайларда коомдук тартипти сактоо максатында уюшулуп жатат. Жыл сайын эс алуучулардын саны көп болгон Ысык-Көлгө коомдук тартипти сактоо үчүн аймактык милиция кызматкерлери тартылчу. Туристтик милиция толук түзүлүп бүткөндөн кийин андай муктаждык болбойт", - дейт Сейитов.
Туристтик милициянын кызматкерлеринин маянасы канча болору жана алар Ысык-Көлдө эс алуу сезону бүткөндөн кийин жумушсуз калбайбы деген суроого Сейитов төмөндөгүдөй жооп узатты.
"Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө туристтик полициялар бар. Алар жыл бою иш алып барышат. Бизде деле бөлүм толук түзүлүп бүткөн соң жайы-кышы дебей эс алуучулар көп болгон аймактарда өз ишин башташат. Туристтик милициянын катардагы эч кандай офицердик наамы жок кызматкери 10 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Анан жыл сайын айлык маянасы көбөйүп турат", - деди ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы.