Футбол боюнча Кыргыз курама командасы дүйнөлүк рейтингде 92-орунду сактап калды. Бул тууралуу эл аралык футбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы тизме бүгүн, 16-августта жарыяланган. Кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугунан соң 92-орунда. Буга чейин "Ак-Шумкарлар" май айында дүйнөлүк рейтингде 75-орунду ээлеген.
Жаңы тизмеде айдын мыкты командасы деп Орусия курамасы табылды. Алар 21 тепкичке көтөрүлүп 49-орунга жайгашты. Ал эми эң начар көрсөткүчтү Египет курамасы көрсөтүп, 20 баскычка түшүп 65-орунга жайгашты.
2019-жылы орун алуучу Азия биринчилигиндеги Кыргыз курамасынын каршылаштары төмөнкүдөй орундарга жайгашты: Түштүк Корея 57, Кытай 75 жана Филиппин курамасы 115-орунга жайгашкан.
Алдыңкы ондук төмөнкүдөй:
1-орун: Франция;
2-орун: Бельгия;
3-орун: Бразилия;
4-орун: Хорватия;
5-орун: Уругвай;
6-орун: Англия;
7-орун: Португалия;
8-орун: Швейцария;
9-орун: Испания;
9-орун: Дания.