Кыялкечтик, чечкиндүүлүк жана активдүүлүк. Мына ушул сапаттар бул күнү төрөлгөн адамдарга тиешелүү. Сыртынан токтоо көрүнгөнү менен, коомго жакшы эле таасирин тийгизип турушат. Анткени булар креативдүү жана идеяга бай, жумушта да өзгөчөлүк жаратып, жаңы нерселерди ойлоп таба алышат. Талыкпай эмгектенип, көздөгөнүнө жетишет.
Сүйүү жаатында бардык жагынан өзүнө тең, токтоо жана түшүнүктүү адамды издешет.
Бул күнү төрөлгөн атактуулардын катарында Жогоку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, ырчы Жийдеш Идирисова, Бегимай Карабаева, француз ойчулу Огюст Конт, орусиялык музыкант, актёр Алексей Воробьёв бар.