5-декабрда төрөлгөндөр башка жаачы белгисинде төрөлгөн адамдар сыяктуу эле ачык-айрым, шайыр болушат. Ошондой эле өзүнө ишенимдүү болуп, ар бир нерсени колунан келишинче аракет кылып жасайт. Абдан жоопкерчиликтүү болуп бардык ишти кылдаттык менен жасап, жыйынтыгын жакшы чыгарууга болгон күчүн жумшайт.
Ушул күнү жарыкка келген адамдарда лидерлик сапат бар. Ошондуктан булар мугалим же бир компаниянын жетекчиси болсо тез эле аралашып, урмат-сыйга татыйт. Ошону менен бирге ийгилик жаратууга да жөндөмдүү келишет. Лидерлик сапатка ээ болгондуктан айланасындагы адамдарга көңүл бөлүп, байкап, жардам керек болсо колунан келген жардамын берүүгө даяр болушат. Ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөндүктөн жаңычылдык жаратууну жактырышат.
Ал эми жеке мамиледе ак көңүл, камкор болушат. Ошондой эле бул күнү төрөлгөн адамдар өнөктөшүнө дайыма шаң тартуулап, көңүлүн көтөрүп жүрүүнү жактырышат. Алардын мындай мамилеси экөөнүн узак убакыт жакшы, сый мамиледе жүрүүсүнө шарт түзөт.