Астротөлгө: 16-июнь күнү төрөлгөндөр чечкинсиз болобу?

Бүгүн логикалык ой чабыты күчтүү, интеллекти жогору адамдар төрөлөт. Адамдарды жакшы түшүнүп, жакындарына камкордук кылганга дайым даяр. Башка эгиздердей эле мамилечил болушат. Бардык окуяларга анализ жасап, сын-пикирин билдирип турат. Кимдин калп айтып, ким чын ыкласы менен мамиле кылып жатканын алдын ала билет. Эч кимге ишеним арта бербейт.

Искусствону, жаратылышты жана сулуулукту баалайт. Бул күнү төрөлгөндөр табиятынан инвестор болуп төрөлөт. Анткени энергиясын, акчасын жана башка жөндөмдүүлүгүн туура пайдалана билет. Акчаны жакшы көргөндүктөн туура пайдаланганды билет. Ал эми каталардан, жоготуулардан чоң сабак алат. Ак менен караны, жакшы менен жаманды талдай алгандыгы алардын эң күчтүү сапаты болуп саналат.

16-июнь күнү жарыкка келгендер акырындык менен көтөрүлгөндү жактырат. Алар бардык нерсени чогулта берип сараң экендигин билгизип алат. Бирок чечкинсиз келип, тобокелдикке баруудан коркот. Мындан улам көпчүлүк учурда ийгиликтерден кол жууп калат.

Баса, ушул күнү жарыкка келгендердин ички туюму күчтүү болгондуктан түгөй, дос табууда адашпайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан