Премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевдин кызматтан кетүү боюнча арызына кол коё элек. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Зилалиев тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактылуу кызматынан бошотулган”, - деп билдиришти.
21-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кеткен.
"Жакында мен бомба тууралуу түшүнүксүз кылмыш ишинин фигуранты болуп калдым. Мындан улам жалпыга маалымдоо каражаттарында мага каршы сөздөр айтыла баштады. Бул окуя менин намысыма шек келтирди жана өкмөт менен премьер-министрге көлөкө түшүрдү. Ошондуктан бул кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин отставкага кетүүм эң туура чечим деп эсептейм", - деп түшүндүргөн Зилалиев.
Белгилүү болгондой, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.