Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Зилалиев УКМКга суракка чакырылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев козголгон кылмыш иши боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы "Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүк жолдо кетип баратып, жол жээгинде турган курсант кызга "формаңды кичине оңдоп алчы" деп эскертүү берген экен. Балким, ал кыз форманы "бомба" деп угуп алса керек", - деп жооп беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
grace
2017-12-18 19:22:35
Жакшы спектакль көрсөтүп жатышат, актерлор жолдо калсын! Жемкорлор!
+9
futboler
2017-12-18 19:24:55
Ызы чуудан башы чыкпайт окшойт
+5
General.kg
2017-12-18 19:32:57
Бу жымшык курсант кызга тийишкен окшойт формасы менен иши эмне эми!
+16
Nazar76
2017-12-18 19:39:24
Зилалиевти камаса камаган адамга элдин баары ыраазы болот эле балли деп
+10
bars_wire
2017-12-18 20:05:15
.крышасы кучтуу курсант кызга тийишип алган окшойт бечара.жылаандын куйругун тепседи бир болсо.
+4
aerforce
2017-12-18 20:11:38
форманызды оңдоп ал дебей фигуран бомба деген чыгар
+9
Komrad
2017-12-18 20:33:25
Анан жанындагыга карап жолго "бомба" коюп коюшуптур деген чыгаар.
+4
warrior96
2017-12-18 20:17:15
Анын формасы менен кандай ишин бар ...
+3
AJow
2017-12-18 20:20:05
Доку жон журбойт экенгооо
+3
Kyrgyz06
2017-12-18 20:30:15
Озунуку абсурд болуп жататго ошол куну арак ичип жургон деп жатышат угуп жатабыз актанба Дуйшеке биздин Президенте олум тилегендик бул кылган ишин гкнб мындай адамдарды жоопко тартыш керек башкаларга сабак болот мамлекеттик кызматта иштегенге моралдык жактан тура келбейт.ОЗУ эле бир шылтоону айтып кетип калса болчудай эл тушунмок,чуйдо бир окуя болгон эки жыл мурун жанылбасам прокурор жинди экен справкасы бар экен,камап салса жинди болуп чыга келди текшериш керек буларды ишенип болбойт.
+4
Best.bakyt
2017-12-18 20:50:03
Озу министр болсо анан курсантардын формасын ушу текшерет бекен. Озу билгенди кылып талтандады го бул министр сорой. Жыйынтыктап орундуу суйлой албаса оозду жаап эле журсочу кургур.
+1
dasta
2017-12-18 23:09:58
Торпок саманканага дери чуркайт деп.Чыныбай Акунович айтчы беле
+1
Azatbek83
2017-12-19 00:09:18
Бул кишини соттобой эле камап салса Кудай ыраазы эл ыраазы.Соттор бул кишини турмого 40 жылга каматсанар алты жылда албаган ушунусунда бир жолу болсода элден сооп алат эленер.Эл силерге эмес ушул кишиге наалат деп кыйкырып жыргап алышат эле!!!
+1
Azatbek83
2017-12-19 00:12:44
Жалганчы эч качан эки дуйнодо да жарыбайт бираз болсо да окшоштуруп айтса болмок эки болок созду бир кылбай басма соз кызматы ошол созду айтып жатып бети чыдабады бекен окшошпой калды деп.Чыгарып салат актап Сокени угуттоп журбоду беле!!!
+1
Rifle_I
2017-12-19 01:23:00
Татыктуу адамдар ишке келишсе биз эчак эле Швецарияга жардам берип коймокпуз.

Жепжутарлар баткакка батырып жатышат. Чекесинен камалса , оңолот элек.
+2
kechirmeni
2017-12-19 10:39:50
Фигуран бомба го деген версия тууурараак окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан