Зилалиев: "Мен "бомба жарылат" деген эмесмин. Кызга комплимент гана айткам"

Бүгүн, 3-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып, ал өзү көрсөтмө берди.

"Мен "бомба жарылат" деп айткан эмесмин. Болгону кыздын жарашыктуу кийингенине комплимент гана айтып, формаңды оңдоп ал дегем. Жаран катары мен бирөөгө андай сөздөрдү айтууга укугум бар.

Бул жерде окуя тууралуу эки версия бар. Биринчиден, Манас кең көчөсү ошол күнкү инаугурацияга карата тосулгандыктан кызга айтылган сөзүм ызы-чуудан ага туура эмес угулуп калышы мүмкүн. Экинчиден, кыз формасынын жарашканы боюнча сөздү туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Менде ушундай эки версия бар", - деди Зилалиев.

Кийинки сот отуруму 18-июль күнү саат 9:30да улантылмакчы.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Дүйшөнбек Зилалиев болсо жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
filis
2018-07-03 11:16:05
Комплементти ушундан уйронуш керек экен. Кыздарга бомба экенсин деп.
+12
LoLoPePe
2018-07-03 11:27:29
ХХХХХХХ озун айткандай формасы жонундо айткандада антип айтканын туура эмес, мамлекеттик жогорку денгээлдеги адам болгондон унчукпайле кете бербейби, бирок бул антип айткан эмес, ХХХХХХ токтоп алып кызга тийишкенда.
+14
pyeon hwa
2018-07-03 11:44:54
Фигуран Бомба экен деди да
+12
Bars88
2018-07-03 11:53:18
Тийишип жаман уйронгон да кыздарга.Жат эми ХХХХХХХХХ
+5
bond02
2018-07-03 11:58:05
Эми озуно жаайт комплименттер.
+6
taalay25
2018-07-03 12:34:48
bond02,жаадырып атбайбызбы)))
+3
Mr.enriiko
2018-07-03 12:28:21
Чондор конгонда кыздарга келиндерге кол астындагыларга тийишип кооп кетишет омур бою креслодо отуратургандай.Ушинтип уят болосунар.
+2
Mr.enriiko
2018-07-03 12:29:59
Аларда бироонун суйлошкон кызы,бироонун аялы дегендей. Азыр деген башка жашоо
+2
admin_superstan
2018-07-03 13:09:10
Bars88, LoLoPePe,
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөр түзөтүлдү! Эскертүү!
0
Pchelka85
2018-07-03 13:12:18
Кыз молодец кыз экен.. Зилалиевди экинчи КОМПЛИМЕНТ айткыс кылат го кыздарга)))))
+10
Zidan2
2018-07-03 19:34:55
Фигуран бомба экен дедида.
МВД га кокуй кыздар тапшырат
0
muslim87
2018-07-04 00:44:51
Рас болуптур ата сакалың оозуңа чыгап жашың бир топко келген учурда кыздарга комплимент айтпай жөн эле жүрбөйсүңбү. Ошол кыз түбүңө жетип каматса экен сени. Буга чейин канча кызга комплимент айттың ким билсин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан