Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралууда. Сот отуруму жабык өтүүдө. Сот алдында Кулматовдун жубайы, 30-40ка жакын тарапташтары жана жакындары жүрөт. Айрым тарапташтары сотко "Кулматов - Кыргыз өлкөсүнүн жараны" деген жазуулары бар футболкаларды кийип келишти.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.