Кубанычбек Кулматовдун аялы: "Соттук отурумдар мыйзам бузуу менен өтүүдө"

Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун аялы Жамиля Турганова жолдошуна байланыштуу соттук отурумдар мыйзамсыз өтүп жатат деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Эч кандай иш аракет жүргүзүлбөй эле соттор чечим чыгарып жатат. Жолдошумду камакта кармоого себеп жок. Сот отурумдар мыйзам бузуу менен өтүүдө. Жактоочубуз кандай кеңеш берсе, ошол кадамга даярбыз", - деди Жамиля Турганова.

Учурда Жогорку Соттун имаратынын алдында 40ка жакын Кулматовдун тарапташтары чогулуп турат.

Бүгүн Жогорку Сот Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин 5-июнда Биринчи Май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң ушул эле сот Кулматовду камакта калтырып, мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azamat85
2018-07-31 11:34:37
Баары эле аппак... сөз жок!
+6
rysik79
2018-07-31 13:47:37
Биринин аялы биринин апасы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан