Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтү дагы бир айга узарды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралды. Сот отуруму жабык өттү. Сот залынан чыккан анын жактоочусу Сергей Слесарев соттун чечими менен тааныштырды. Анын айтымында, Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтү 28-сентябрга чейин узартылды. Адвокат бул чечимге нааразычылыгын билдирип, шаардык сотко даттанарын белгиледи.

Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Кулматовду соттон алып чыгып унаага отургузушту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazake
2018-08-25 15:44:50
Кулматовдун кыныр иштери абдан коп. Ал Бажы кызматын жетектеп турган да ири суммадагы акчалар уурдалган. Кыргыз-орус онуктуруу фондун жетектеп турганда насыяларды тааныштарына гана берген. Башка эпизоддор боюнча да кылмыш ишин козгоо керек
0
Erik2018
2018-08-25 15:47:34
Кулматов кызматтан кызматка секирип, беш колун салып бир топ эле жеди. Жарытылыктуу иштей алган жок.Мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп, өзүн жазага тартуу керек.
0
tnz
2018-08-25 16:26:22
Узартуу керек мунун жанагы фонддогу ишин да караш керек ал жерде соо эмес ага жакшылап конул буруу зарыл себеби ал кийин унутулуп калбаш учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан