КСДП Кубанычбек Кулматовдун ишинде саясий өңүт бар экенин айтууда

"Кубанычбек Кулматовдун ишинде саясий өңүт бар" деди КСДП париясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева. Мындай пикирин SUPER.KG'ге ал бүгүн, 24-августта Биринчи Май райондук соту Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн 28-сентябрга узарткандан кийин билдирди.

"Биздин пикирде, Кулматовдун иши шашылыш, арыдан-бери кабыл алынга иш болуп жатат. Бул жерде кылмыш жагдайын көргөн жокпуз, иш саясий өңүттө кетүүдө", - деди Жолдубаева.

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси карап, камакта калуу мөөнөтүн 28-сентябрга жылдырды.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
korea
2018-08-24 13:54:46
Силер көрбөсөңөр эл көрүп билип турат...
+1
Bazake
2018-08-24 13:56:52
Саясий өңүт менен кылмыш ишин козгоо Атамбаевдин доору менен оомийин болгон. КСДПнын бир ууч узурпаторлору (Атамбаев баштаган) элди саясий куугунтук деп эч качан ынандыра албайт
+1
uli1234
2018-08-24 14:03:43
Атамбаевдин убагында саясий кугунтук, өңүт деген нерселер болгон. Атамбаевдин убагында достору жакын адамдары мамлекетти тоногон. Төлөтүп керек атасын кошо.
+1
filis
2018-08-24 14:40:34
Жээнбековдун уурулары келе башташты абайлап карагыла.
0
Erik2018
2018-08-24 15:58:06
filis,Жээнбеков АШАнын ууруларынан арыла албай жатса кайдагы ууруну айтпачы
0
urmat-77
2018-08-24 14:44:41
СДПК тунук суудан таза окшойт.Анда Албек Иса Чыныбай Азамат АША койчу баары таза иштеп тапкан болсо анда келген инвестицияны эл жеп алыптыр да.СДПК деген партияны тазалалабай эле Бакиевдин Акаевдин партияларындай түп тамыры менен жоготуш керек.Бөрү баласы ит болбойт бул партиядагылар баары ууру себеби партиялаштары уурдап жатканда калгандары ачык айтпай эшек такалаганбы.Кыскасы азыркы бийлик деле кыйратып айт. Чыдап тургула Соке баарын бошотуп сүттөн ак кылып актайт.Азырынча шоу болуп жатат.
0
Mirlan27011987
2018-08-24 14:47:41
Жээнбековдон умут арткан эл кочодо калат. Атамбайдын аркасы менен жылдызы жанган Сооронбайга ишенуу кыйын эле болуп калды.
+2
i1urp
2018-08-24 14:51:39
АША кайра кел.
-2
007aym
2018-08-24 15:27:26
Супер инфо эмне президенттин иш сапары тууралуу маалымат жок?
0
tnz
2018-08-24 16:44:17
Кулматовго аздык кылат тура кылыптыр, буга окшогон уурулардын сазайын ушинтип бериш керек.
+1
sinej
2018-08-24 17:00:11
Жээнбековдун коррупциясы Албек жана Кулматов менен бутту. Калган Раим миллион ууруларды калтырдыбы.
+1
Jyrgal_msk
2018-08-25 02:56:52
Кулматов менен Райим миллион олкобуздогу эн чон коррупционерлер.Кулматов камалды,бирок Матраимовго эмнеге тиши отпой жатат белгисиз...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан