Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан балбандар Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишти

24-августта Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан балбандар кайтып келишти. Анда 100гө жакын күйөрман Аламүдүн районундагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан кыргыз балбандарды тосуп алышты.

Жайкы Азия оюндарында күрөш боюнча мелдеште жалпы 13 спортчу катышкан, грек-рим күрөшү боюнча курамада 6 спортчу, эркин күрөш боюнча курамада 4 спортчу жана кыз-келиндер арасындагы мелдеште 3 спортчу катышкан.

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар 2 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты. Күмүш медалдарга Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов татыса, Амантур Исмаилов менен Үзүр Жусупбеков коло медалдарга ээ болду. Ошондой эле Самат Шырдаков 7-орунга жана Мурат Рамонов 12-орунга ээ болду.

Эркин күрөш боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Магомед Мусаев күмүш медалга ээ болду. Ал эми Алигажи Гамидгажиев 5-орунду, Алибек Осмонов 7-орунду жана Алмаз Сманбеков 12-орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш медалды, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медалдарды тагынышты.

Азия оюндарынан 8 медалды багындырган балбандар өлкөгө кайтып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tulpar90
2018-08-25 01:10:47
Азаматтар.Кош келипсиңер өз мекениңерге..
Ошондо үч кыз тең медал утушуптур азаматтар.
+1
ibo
2018-08-25 06:22:09
Азаматтар!!!
Кыргызстан медальдар саны боюнча канчанчы орунда келе жатканын жазып турсаныздар, сураныч.
+1
a.sheralievic.91
2018-08-25 07:20:55
ibo,17 - орун
+1
marmiladka9
2018-08-25 19:57:45
Азаматсынар! Акжол сенден копту умут кылабыз, суук коздон сактасын сени Кудай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан