Дарыгерлердин консилиуму Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарды

Дарыгерлердин консилиуму Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарды. Бул тууралуу 25-августта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, Текебаевди неврология бөлүмүнө которуу маселеси 27-августта саат 16:00дө белгилүү болот. Шыкмаматов бүгүн Текебаев менен көрүшүп, сүйлөшүп чыкканын кошумчалады.

Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. Учурда дарылануусун улантууда.

Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nurbek56
2018-08-25 18:44:43
далилисиз бир орустун корсотмосу менен эле 8-жылга милиондорду урдагандар журот
+13
Bazake
2018-08-25 19:45:06
nurbek56, Текебаев не болсо да жазасын толук отоп чыксын. Мыйзам баарына бирдей. Эгер президент ырайым кылса анда башка кеп
-17
tnz
2018-08-25 23:03:46
nurbek56,кайсы далилсиз ошол далилдеп бербедиби анан камадыго
-12
Bektur2011
2018-08-27 09:27:46
tnz, Далил болобу болбойбу мыйзам алдында жооп бериши керек. Мыйзам баарына бирдей.
0
rysik79
2018-08-25 19:38:46
Батукаевтей кылып качырсанар саакашивили болуп келип калат. Анан Соку куноолуу болот
-9
Erik2018
2018-08-25 19:44:17
rysik79 Батукаеди ким кой бергени жалры коомчулук жакшы билет. Текебаев АШАнын учурунда камалган. Бул жерде Жээнбековдун кандай тиешеси бар. Жөө жомокторду айтпагыла.
+7
Jasa
2018-08-25 20:19:13
Бул киши качбайт
+10
zamakure
2018-08-25 21:24:00
Президент болуш керек эле бул киши
+10
bek_tash
2018-08-25 21:57:06
Сүрөтүн көрүп чынында эле күнөөсүз камалгандай сезилип атат байкуш.
-9
tnz
2018-08-25 23:02:42
bek_tash,Кой Эми бул жанагы мышыктын козундой коз менен караса ишене бербей бетинди тытып алат анан билесин
-6
take1984
2018-08-26 01:29:48
Текебаевдей боло албайсынар жана болгонду көрө албайсынар
+6
Komrad
2018-08-26 10:06:33
Алга атамекен
+1
asash
2018-08-26 10:49:53
Бул киши Кыргызстан ды жеп буткон адам, давно камалыш керек болчу, убактылуу окмот деп канчалаган акчаларды жеп кеткен,омур бою саясатта журду,жалалабатта кыргыздын желегин орттонгон адам бул, корсун эми ошолорду
-1
mirkaa5182
2018-08-26 20:43:18
Саясатта ушундай адам керек, негизи далилсиз эле камалды.. Кыргызстанда мыкты саясатчылардын бири.
+1
tnz
2018-08-27 12:42:59
Текени Атамбаев эле сазайын берсинде озу каалагандай камап соттоп жыргап калды эле атамбаев муну.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан