Өмүрбек Текебаев туулган айылына барды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев туулган айылына барды. Ал жакта тууган-уругу жана тарапташтары менен жолугушуу өткөрүп жаткандыгы тууралуу фото жана видеолор Текебаевдин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланууда.

Үй камагына бошотулган адамга мыйзам боюнча чечим чыккан административдик округдан сырткары чыгууга болбойт. Жактоочу Таалайкүл Токтакунованын айтымында, Жалал-Абад облусундагы Акман айылына барып келүүгө соттон уруксат алынган. Ушундай эле уруксат Дүйшөнкул Чотоновго Ош облусуна барып келүүгө берилген.

Өткөн аптада 29-август күнү Биринчи Май райондук соту саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган. 12-сентябрда аталган инстанцияда соттук иш каралып баштайт. Тиешелүү чечимди 21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деп чыгарганы маалым.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
oSporte
2019-09-02 11:12:37
Демек канат исаевдин асылбеке 1 млн $ бергени чын турбайбы!

исаев Турция, Россияга чейин барып келип жүрөткө ага эмне мыйзам иштебейби
-6
Bektur2011
2019-09-02 11:39:08
oSporte,жалган ушак тараткан бир тууганынын этин жеген менен барабар. Биз билгенден Асылбек мырза арам акчадан өтө алыс адам. Алкымы бузук болгон 2 ирет спикер болду артынан былыгы чыкмак. Таза болгону үчүн эл арасында башын бийик көтөрүп жүрсө керек
-7
oSporte
2019-09-02 11:13:29
соке менен асылбектин тубуно бабанов исаевдер жетет эске сактап койгула
+4
kuluch-78
2019-09-02 11:23:52
oSporte,сен политиканы коюп биринчи туура жазганды уйрон доодуробой
+5
Bektur2011
2019-09-02 11:40:33
oSporte,саясатты түшүнбөсөңөр кайдагы айта бербегилечи
-5
Jaznura
2019-09-02 11:32:16
Саясий соодалашуу Атамбаев менен кошо кеткен. Көп тантыбагыла
-5
Tolkun555
2019-09-02 11:39:17
Jaznura,соодалашуу адамзаты баары кеткенде кошо кетет
+11
Jaznura
2019-09-02 11:32:46
Текебаев өзү казган орго өзү түштү. Эми ага 2 жыл 7 айлык абак сабак болушу керек
-7
altyn-kumush
2019-09-02 11:37:38
Текебаев башка саясатчылардын да кыңыр иштерин жакшы билет. Билбесе дароо табат. Анткени ал эң алдыңкы саясатчылардан. Бабанов, Исаевдердин иши ага даана белгилүү. Жээнбековдун түбүнө жетем дегендер өздөрү суракта. Ак ийилет бирок сынбайт. Таза бийликти эл эч качан таштап койбойт.
-6
Ernestinio
2019-09-02 11:44:20
бугунку кунго эртен тарых баасын берет. Текебаевке жалган жалаа жапкан Атамбаев бугун таз кейпин кийип отурат.
0
Erik2018
2019-09-02 12:00:57
Кандай кундо да бугунку сот адилеттуу чечим чыгарып куноосуз отурган саясатчынын ишин кара карамак болушту бул эн тууар чечим
-1
Dembele84
2019-09-02 12:07:15
Эми эмнелер болуп кетээр экен
0
Bektur2011
2019-09-02 16:15:06
Президент Жээнбеков АШАнын айтканын кылып, уурулугун жашырам деп элди эмес досун тандаганда Текебаев тҮрмөдө чирийит эле. Эми тообо кылып олтурсун неберелеринин кашында. Саясатта жүрүп эч нерсени кыйраткан жок. Университеттердин биринде политология боюнча сабак берсе жарашат. Саясатка аралашканды токтотушу керек
-1
souza.j
2019-09-02 20:08:44
Bektur2011,аны озу билет досум. Сен кимдикин аарчып журосун. Эркекче айтсан
-2
katerina.li
2019-09-02 22:34:37
Ооруган жери резко айыгып кеттиби ??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан