Бүгүн, 23-сентябрда Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары №47-түзөтүү абагы менен байланышып, андан кабар алышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жубайы Айгүл Текебаева кабарлады. Ал эми өзү Текебаев менен ал ооруканадан абакка которулган учурдан бери жолуга электигин белгиледи.
"Жактоочулары байланышып анын абалынан кабар алышты. Учурда ден соолугу жакшы, кабатырланбагыла. Ал эми өзүм ооруканада жаткан учурда жолуккам", - деди Текебаева.
Ал эми жактоочуларынын бири Таалайгүл Токтакунова да Текебаевдин абалы жакшы экенин айтты. Ал дагы Адилет Алиев аттуу интернет колдонуучунун Фейсбуктагы баракчасына "абакта жаткан Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусу кармап каза болду" деп жарыялаган маалыматы чындыкка жатпай турганын белгиледи.
Ал эми Жазаларды аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү абалы деп абактан тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
Өмүрбек Текебаевди 2017-жылы февраль айында ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. Аны Орусиянын көпчүлүк аферага аралашкан адамдын көрсөтмөсү менен 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.