УКМК: "Кулматовдун мыйзамсыз паспорт алгандыгы боюнча козголгон кылмыш иши негиздүү" (фото)

Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кулматов 1995-жылы 11-ноябрда СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. 1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылы жаңылаган.

"Кулматов 1996-жылы Кыргыз жарандыгы тууралуу паспорт алууда паспорт берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жасалма документ тапшырган. Ошондой эле ал 1-форма боюнча арызда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Ал Орусиянын жараны болуп туруп Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган. Бул материалдардын негизинде Кулматовго мыйзамдын негизинде кылмыш иши козголгондугун белгилеп кетебиз", - деп айтылат маалыматта.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.Ага ушул жылдын 14-июнда "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан