Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу соттук иши өтүүдө.
Сот залында анын жактоочусу Сергей Слесарев Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алганын тастыктай турган тийиштүү материалдар жок экенин айтты. Ал эми дагы бир жактоочусу Токтайым Үмөталиева да эч кандай тийиштүү документтер жоктугун айтып, бар болгон болсо, сотко алып келүүнү талап кылды.
Сот отурумунда ишти карап жаткан судья фото жана видеого тартууга тыюу салды.
Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган", - деп билдирген УКМК.
Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.