Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Жогорку Соттун соттор коллегиясы тарабынан эреже бузууга жол берилгенин айтты. Бул тууралуу жактоочу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Соттук отурумга эркин катышуу үчүн жарандардын укугу сыйланбай жатат. Даттанууларды кароонун тартиби, жактоочулардын укугу бузулууда. Даттануулар жактоочунун катышуусу жок каралууда", - дейт жактоочу.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы бул боюнча бир аздан кийин маалымат бериле турганын кабарлады.
Окуянын чоо-жайы:
18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.
5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.
14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.