Кулматовдун иши. Сот процесстин жабык же ачык өтүү маселесин карап жатат

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралууда. Учурда сот процесстин жабык же ачык өтүү маселесин карап жатат. Сыртта Кулматовдун 50гө жакын тарапташы чечимди күтүүдө.

Буга чейин 5-июнда аталган сот Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан