"Супер хитке" Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" чыгармасы кошулду. "Дуэт аткаралы деп мен сунуш жасагам" дейт Мээрим Карыпова

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" аталышындагы видеоклиби толуктады.

"Бул чыгарманы жалгыз эмес, дуэт кылып ырдасам жакшы чыгат деп музыкант Таалай Иманкуловго сунуштадым. Таалай Иманкуловдун үнүн, тембрин эмнегедир Рыспай Абдыкадыровго окшоштурам. Ал кишиге сунушумду айтсам макул болуп, чыгарманы жаздырдык. Биринчи жолу бул ырды менин ушул жылы өткөргөн жеке концертимде аткардык. Андан кийин чыгармага клип тартылды. Клип Рыспай Абдыкадыровдун доорундагы махабаттын тазалыгын, аялзатына кантип аздектөө керектигин көрсөтөт", - дейт Мээрим Карыпова.

22-АВГУСТТАН 29-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклиби камсыздаган.

8-орун - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи гүлүм" чыгармасына буюрган.

7-орунда - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасы жайгашкан.

6-орунду - Съездбек Искеналиевдин "Кызгалдак" чыгармасы камсыздаган.

5-орунду - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" видеоклиби ээлеген.

4-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Жоодарбешимдин "Унутам" клибине буюрган.

3-орун - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунда - Айдин Шердин "Толкундайм" клиби жайгашкан.

1-орун - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан