Оштун көлөкөдө отурган жетекчилеринин сынга кабылышы боюнча облус башчысы жооп берди

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеде аксакалдар менен чогуу отурганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-августта SUPER.KG порталына билдирди.

"Иш-чарада аксакалдар менен чогуу эле отурганбыз. Алар "биринчи жолу төр жакта отурабыз" деп мэрге ыраазычылык билдиришти. Чатыр орнотуп койгондон эч нерсе болбойт. Мааракеге келгендердин баары отура тургандай кылып чатыр орнотулса жакшы болмок. Айт намазында деле ушундай чатыр орнотулган. Мен социалдык тармактардан сынды окуган жокмун, ар ким өзүнүн оюн айтканга укуктуу. Иш-чараны мен уюштурган жокмун. Атайын чатыр орноткула деп буйрук берген эмеспиз", - деди Жылкыбаев.

Бүгүн эгемендүүлүккө арналган иш-чарага катышып жаткан облус башчысы Узарбек Жылкыбаев менен мэр Таалайбек Сарыбашовдун майрамдык салтанатка көз салып жаткан учурунда тартылган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга кабылды.

Мындан тышкары Оштун жетекчилери жумшак отургучтарда отурушканын, салтанатка чакырылган аксакалдар күндүн алдында жөнөкөй эле отургучтарда орун алгандарын коомчулук сынга алышууда.

Оштун көлөкөдө отурган жетекчилери сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2018-08-31 16:46:14
Ии ошондойбу майли Узарбек ава
0
bond02
2018-08-31 17:22:01
Орозбек аксакал кунго отуруп калыптыр го, силердин бир жеринер «акпы»?!
+2
Supsuluu
2018-09-01 08:14:00
Жумшагына отурбаса бир жери жооруп кетет да "назик" чоңдорубуздун
+4
talas0707
2018-09-02 11:21:19
Биз ишенген чондор. Ушулар кантип кыргызстанды онуктурот. Ушул жерден эле билсек болот кандай адамдар экенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан