Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 1 кишилик байдарка менен жарышууда кыргыз спортчусу Руслан Молтаев 5-орунду ээледи.
Бүгүн, 1-сентябрда К-1 200 деп аталган 1 кишилик байдарка менен жарышууда Молтаев 9 спортчунун ичинен бешинчи болуп келип, 36.932 секунд убактысын көрсөттү.
Ал эми жарышта 35.373 секунд убактысын көрсөткөн түштүк кореялык спортчу жеңүүчү аталды.