III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн журналисттер Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарында өлкөбүздүн бардык аймагынан келген журналисттер 2-сентябрда баштала турчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн Ысык-Көлгө жолго чыгышты.

Белгилүү болгондой, оюндарды чагылдыруу үчүн жалпы 280ге жакын журналист жөнөп кетти. Ал эми уюштуруучулардын билдиргенине ылайык, атайын аккредитациядан жалпы 700гө жакын журналист өткөн. Журналисттерди жатакана, тамак-аш жана транспорт менен камсыз кылууну уюштуруучулар өз моюнуна алган.

Айта кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин өтөт. Ага 79 мамлекеттен келген 2 миңден ашуун спортчу катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TalaCSKA
2018-09-01 17:11:49
Жалан жакшы жагын чагылдыргыла урматтуу журналисттер !!!терс корунуштор бизде эле эмес башка любой олкодо бар.ушунча даярдандык бюджеттен акча короттук эми бир жакшына реклама болуп бергиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан