Эртең Бишкектин жаңы борбордук мечити ачылат. Ага Жээнбеков менен Эрдоган катышат

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 1-сентябрда эки күндүк расмий иш сапары менен Кыргыз өлкөсүнө келди.

"Манас" эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен расмий жолугушуу аземи болду.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Аземге расмий делегациянын өкүлдөрү катышты.

Сапардын экинчи күнү, 2- сентябрда эки өлкөнүн президенттери Кыргыз мамлекетинин жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форумга катышат, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салышат жана Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
iryi1
2018-09-01 19:11:05
Ушундан коро 20 мектеп же чон бир завод салып берсе болмок экен. Элге жумуш болмок ар кайсы жака мигрант болбой.
-15
grace
2018-09-01 19:40:50
iryi1,Кыргыз-түрк эң заманбап чоң оорукана салып берди түрктөр. Ошону да ачып кетсе болмок. Бүткөнү көп эле болду, биздин жегичтер эмнеге ишке киргизбей жатканы түшүнүксүз.
+7
Erik2018
2018-09-01 21:04:43
grace,Бул оорукананы Атамбаевдин кадрлары беш колун малып жатса анан токтоп калганда. Азыр президент коррупция менен күрөшүп бир катар аткаминерлерди камап жатат. Бул дагы иликтенип жатса керек да.
-1
Salaf
2018-09-01 19:45:03
iryi1, Фучик көчөсүндө чооң Ооруукана курушту, Кыргыз-Түрк Манас Университетин салышып, коррупциясыз, КР да эң мыкты деңгеелде окутуп жатат, эми Мечит курушту, наалыбай, шашпай дагы сабыр кылып турсаң аларды да салышат Буйруса.
+15
Erik2018
2018-09-01 21:03:08
iryi1, Сенин акчан кеткен жок. Мечитти Түркия мамлекети салып берип жатат.Мектептерди өкмөт салып эле жатат.
-2
tnz
2018-09-01 21:10:25
iryi1,шугур дегенди уйронолу айланайындар Кудай да шугур кылганга берет, бергенине шугур кыла берели буйруса жакшылыктар алдыда
+2
grace
2018-09-01 19:41:55
Жакшы экен. Айт намазда көчөдө эмес ушул мечитте окушат.
+10
nuri1
2018-09-01 19:57:24
Эми ушул мечитте Гуленди жамандаган идеялогия журугзо башташат. Турктор динчилдер арасында тымызын оздорунун жеке идеялогиясын жургузо башташат.
-12
Salaf
2018-09-01 20:27:03
nuri1, Гүлен саясатчы жөнүндө жазбай эле койчу.
0
J1irg
2018-09-01 20:46:21
Salaf,
Кыргыз элин дайым тышкы кучтор башкарып келишкен. Дагы деле ошол. Дин, саясат баш болуп. Озубуздун коз карашыбыз тышкы кучтордон коз каранды. Молдокелер арабтардын саясатын, саясатчылар Кытай, Россия, Европаны карап турушат.
+1
Erik2018
2018-09-01 21:06:23
nuri1, Кыргыздар жамандаганга эле машпыз. Жакшылыка жооруп койсоңор бир жеринер кемип калабы. Бул мечитке Түркиянын акчасы кетип жатат. Силердин эмес.
0
Qwerty2018
2018-09-01 20:39:16
Мечиттин Гуленге тиэшеси жок туугандар!!! А бул мечит кылым бою келечек мусулман бир туугандарга кызмат кылат. Бул мечит да республиканын чон аброю болуп эсептелет.
+1
Erik2018
2018-09-01 21:07:31
Бул мечит Кыргызстанда гана эмес Орто Азиядагы эң чоң жана кооз мечит бойдон кала берет деген ойдомун. Муну куруп берген Түркия мамлекетине ыраазычылык.
0
Kuba_502
2018-09-01 21:14:03
Саат канчада болот экен борбордук мечиттин ачылышы?
0
Salaf
2018-09-01 21:23:04
Kuba_502, Бешим намазы, өлкө башчылары жана жамаат менен ошол мечитте окулат буйруса. Саат 13:30 да башталат.
0
Kuba_502
2018-09-01 22:46:07
Salaf,рахмат.Убактысын тактап койгонуңузга
+1
grace
2018-09-01 21:14:45
Эми Сапат мектептерин жап деп баштайт го. Өтө сапаттуу билим берген мектептер. Ошолорду жайына койсо экен. Бул биздин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү болуп калат.
0
Erik2018
2018-09-01 21:23:21
Түркия Кыргызстандын ички ишине кийлигише албайт. Эмне кылышты прездиент өзү жакшы билет. Эрдогандан сурап отурмак беле.
-2
monster_high_98
2018-09-01 21:28:58
Казахстанда мектепке жакын мечиттерди буздуруп жатат!А биздечи? Кобойгондон кобоюп жатат,канча мектептер авариялык абалда .Ошону ондошсо болбойбу?Мечит кобойтуп, ыймандуу болушуп коррупция жок болсо бир жон.....Жаштардын келечегин ойлошсочу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан