Бүгүн, 1-сентябрда Түштүк Кореянын "Arirang TV" эл аралык телекөрсөтүү кызматынын журналисттери кыргыз маданияты менен таанышып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндарды көрүү максатында Бишкек шаарына келишти.
Түштүк Кореядан келген конокторду аэропорттон SUPER.KG порталы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары менен биргеликте тосуп алышып, төкмө акын Баян Акматов чакан чыгармачылыгын тартуулады.
Эртең, 2-сентябрда "Корей элдик музыка" улуттук борборунун өкүлдөрү келиши күтүлүүдө. Аталган делегация III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтчү маданий иш-чараларга катышып, Кыргыз маданияты, салты менен жакындан таанышат.