Бишкектеги мейманканалардын биринде Кыргыз-Түрк бизнес-форум башталууда. Ага Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган катышат.
Аталган форум Эрдогандын Кыргыз мамлекетине жасаган расмий иш сапарынын алкагында уюштурулууда. Анын сапары кечээ, 1-сентябрда башталып, эки тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болуп өттү.
Кечээ Эрдоган журналисттерге аталган форум жөнүндө төмөнкүлөрдү айткан. "Биз бардык тармактан достугубузду күчөтсөк болот. Түркиянын тажрыйбасын Кыргыз өлкөсү менен бөлүшкөнгө даярбыз. Бардык компанияларыбызды Кыргыз мамлекетине инвестиция салууга чакырам. Жаңы аэропортторду куруу боюнча жаңы системди сунуштайбыз. Бул тармакта бардык жардамды берүүгө даярбыз. Аталган маселени мен эртеңки бизнес-форумда да көтөрөм", - деген Түрк лидери.
Бүгүн, 2-сентябрда эки өлкө лидери Бишкектеги бир нече иш-чараларда болуп, кийин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммитине катышат.