"Кыргыз өлкөсүндө ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда билдирди.
Ал биздеги салык саясаты коңшу өлкөлөргө караганда жакшы экенин белгиледи.
“Кыргыз-Түрк ортосундагы соода көлөмү 1994-жылы болгону 20 миллион долларды түзсө учурда ал 18 эсе өсүп, 356 миллион долларды түздү. Бул да жетишсиз деп эсептейм. Соода жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарыл. Учурда 600дөн ашык Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасы иштеп жатат. 1995-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө Түркиядан 500 миллион доллардан ашык инвестиция тартылган. Кыргыз мамлекетинин салык ставкалары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытайга салыштырганда бир топ төмөн”, - деди президент.