Бүгүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот

Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи саат 20:00дө орун алат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрүнөн мелдештер жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Көчмөндөр оюндарына 79 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу келди.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле ачылыш аземинде өлкөбүздүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл жергесинде өтөт. Биринчи жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
titanik32
2018-09-02 11:13:35
Жеки Чан келсе өзү ат үстүндө трюктарды көрсөтүп,мастер класс өткөрүп бермек биздин каскадерлорго.Наоборот биздин өзүбүздүн оозубузду ачырып.
-2
grace
2018-09-02 19:22:06
titanik32,кытайсыз эле өткөрөлүчү өзүбүздүн оюндарды.
+2
Mikaaa
2018-09-02 11:19:04
Админ саат канчада ачылат?
-1
taimanbas
2018-09-02 11:55:27
20:00 башталат ДКО
-1
turmus
2018-09-02 13:04:27
Экономикабыздын абалы тиги. Копкондордун оюнунунун кимге кереги бар эле?
+12
Erik2018
2018-09-02 16:03:58
turmus,Бул оюндун маанисин, маңызын билбей туруп,оюна келгенди дөөрүй бербечи. Бул оюн келечекте Кыргызстандын бренди болуп кала берет.
-2
Meruet84
2018-09-02 22:21:33
turmus,койгулачы ,экономикабызга тиешеси жок ,бирок пайдасы бар .Себеби туристердин , ,инвесторлордун келишине мумкунчулуктор тузулот.
-1
toktogul0322
2018-09-02 13:34:13
Туз эфир корсотобу маалымат берип коюунуздарчы супер инфо.
0
Farm94
2018-09-02 13:37:54
Ктрк туз алып берет
0
CEO1
2018-09-02 14:48:21
Кайран гана элдин талаага чачылган акчалары... Эл талаалап тентип журот, бир там салуу учун 5-10 жыл омурун, ден-соолугун курмандыкка чалып... Соке баш болгон бийлик элдин мандай тери, коз жашынан куралган акчаларды чачып отурат... Аларга экономикабыздын абалы, элдин жашоосу вообще кызыктырбайт. Алар только оз чонтокторун ойлойт. Али кочмондор оюну башталбай жатып коррупция орун алып баштаган. Бул оюндан бийлик бери болгондо бир нече жуз миллион сомду уурдаса керек.
+9
Natun
2018-09-02 15:34:30
CEO1,Жээнбековдун демилгеси менен атайын эсеп ачылып. ага жемкорлордун жеген акчалары кайтарылганда колдоп-кубаттамаксын. Анан эч нерсе таппай көчмөндөр оюнун бетиңе тутасын. Бул оюн кыргыздын ким экенин дүйнөгө даназалачу чон иш-чара. Кыргызстан ансыз деле коррупция менен таанылды
-4
CEO1
2018-09-03 03:49:51
Natun, жомокту айтпа Соке экоон, эсептешип жок акчаларды бар дебей. Болбосо кимден канча акча ондурулду, айтпайсынарбы жомок болбосо!!!
+1
Erik2018
2018-09-02 16:05:35
CEO1,Бул жерде көчмөндөр оюндары жөнүндө сөз болуп жатат.Сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей бул оюн мурун эле өтүш керек болчу.
-6
CEO1
2018-09-03 03:50:42
Erik2018, мен кочмондор оюнуна сапырылган акчаны айтпаганда, менин атандын чонтогундогу акчаны айтып жатыптырмынбы?!!
+1
Erik2018
2018-09-02 16:08:31
CEO1, Көрөңгөлүү көчмөндөр оюндары Кыргызстанга өтө керек. Бул оюндарды өткөрүү менен мамлекеттин кадыр-баркы өсөт, туристтердин агыма артат. Кыргызстан туризмдин мекенине айланат да калат. Бул жакта пикир калтыргандар оюңарга келгенди оттой бербей баарыбз салым кошсок жакшы болмок. Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бренди болуп кала берет. Ага эмне ичинерди тарытасынар. Миллиондорду жегиче тарыхта калаарлык иш кылганы дурус эмеспи.
-6
CEO1
2018-09-03 03:51:58
Erik2018, 2 жолу отуп канча турист кобойду?!! Кана казынаны туристтер толтуруп дибергени?!!

+1
CEO1
2018-09-02 14:52:20
Соке, Соке дейсинер, Сокенер Атамбаевдин коррупциялык кочун улантуучу "мураскору". Мына, кочмондор оюну башталбай жатып коррупция башталды. Туалети, мусор бактарынан тарта ырчы-чоорчу, палан-тукундун баарына кеткен акчадан сол чонтокторго акча жымырылат. Буга чейин кочмондор оюнларын уюштурууда ири коррупция орун алып келген. Бул жолу да исключение эмес...

Элдин канча канча наапазы пикирин уга биле туруп Кочмондор оюнун откоруп жаткан Сокенин да жеке кызыкчылыгы болушу мум
+7
Erik2018
2018-09-02 16:06:56
CEO1, Мурунку президенттер такыр эле иштебегени көрүнүп турат. Кыргызстандын өнүгүшү бир эле Жээнбековго көз каранды эмес. Элден көбүүрөөк көз каранды. Жалгыз дарак токой болгондугун көрдүңөр беле. Ошондуктан эң негизгиси кыргыз элинен карөзгөйлүктү, калпты токтотуп президенттин жүргүзүп жаткан жакшы иштерин колго алып, башка бир жакшы кеңештер менен эл өзү аракет кылбаса ар кандай ушактар көбөйүп, элди да президентти да жаман көргөзүүдөбүз. Андыктан баарыбыз жапа тырмак киришип мамлекети өнүктү
0
Rasul94
2018-09-02 15:51:54
Мен эч эле ушул кочмон оюнга кызыга албай койдум
0
Erik2018
2018-09-02 16:06:25
Көчмөндөр оюндары бизге өтө керек. Мына Казакстан 2020-жылы Кыргызстанга атаандаш оюн өткөрөт экен. Бул оюндарды өткөрүү менен мамлекеттин кадыр-баркы өсөт, туристтердин агыма артат. Кыргызстан туризмдин мекенине айланат да калат. Бул жакта пикир калтыргандар оюңарга келгенди оттой бербей баарыбз салым кошсок жакшы болмок. Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бренди болуп кала берет. Ага эмне ичинерди тарытасынар. Миллиондорду жегиче тарыхта калаарлык иш кылганы дурус эмеспи.
-2
Meruet84
2018-09-02 22:09:54
Erik2018,оюунузга кошулам....
-2
CEO1
2018-09-03 03:55:03
Meruet84, динден суйлоп коесун, дин ысырапкерчиликти суйбойт дейсин артынан...
+1
Arsenim
2018-09-02 18:32:01
Канча кун болот канчасы бутот
-2
Rasul94
2018-09-03 11:13:50
Arsenim,8и бутот
0
kg_emilbekov
2018-09-02 18:36:59
[moderated]данда алып берсенер россиядагы бир туугандарыбыз да корот еле алчата ктрк канал жок
-1
Chungyz
2018-09-02 21:31:45
Анча деле акча кетпептир
-4
CEO1
2018-09-03 03:57:01
Chungyz, сен санап чыктынбы?!! Болбогон туалетине деп 3 миллион сом болдургон сон, калгагына канча жуз миллион кеткенин санап чыктынбы, сага аз корундубу?!!
+1
Meruet84
2018-09-02 22:17:59
Кыргызстан десе эле которулуш жасап "башчыларын "кууп жиберген эл катары эмес,же болбосо жетишпеген кедей эл катары бай олколордун коросун шыпырып акча алып жургон эл катары эмес,озунун жолу ,тили ,дили бар ,каада салты бар ,туп нускалуу каадалуу эл экенин таанып билгендерине кандай сонун мумкунчулук!
-1
CEO1
2018-09-03 03:58:35
Meruet84, элдин бешене тер, коз жашынан куралган миллиондорду асманга чачып жарым саатка жомок тартуулап койсо, озунду башкача элестетип алдынбы?!!

Мен сени акылдуу деп журсо...
+1
Erik2018
2018-09-03 09:46:34
Сендей адамдарга миллион иш кылса дагы жакпайт. Сага корогон кайран сөз. Жумуркатадн кыр издеп кыйкым тапкан киши эзели жарыбайт деген экен ата бабаларыбыз.
-2
Chagylgan2
2018-09-03 21:39:37
Erik2018, кошоматчылар жарыйт бекен?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан