Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарында жалпы 20 медаль утту

Индонезияда өткөн 18-Жайкы Азия оюндарында Кыргыз курама командасы жалпы 20 медаль утуп оюнду жыйынтыктады.

Спорттун 26 түрүнөн Кыргыз өлкөсүнүн намысын 100дөн ашуун спортчу коргоду. 14 мелдеш күндүн жыйынтыгында спортчулар 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль тагынышты. Азия оюндарынын чемпиону наамын жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу жана жөө күлүк Дарья Маслова алды.

Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 22-орунду ээледи. Ал эми 1-орунда 132 алтын, 92 күмүш, 65 коло медалы менен Кытай турса, 2-орунду 75 алтын, 56 күмүш, 74 коло медалы менен Япония ээлеген. Үчилтикти Түштүк Корея жыйынтыктайт, аларда 49 алтын, 58 күмүш, 70 коло медаль бар.

Бүгүн, 2-сентябрда триатлон боюнча медалдар ойнотулат, анда Кыргыз өлкөсүнөн катышуучулар жок. Ошондой эле бүгүн Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өтөт. Аталган салтанатта Кыргыз өлкөсүнүн желегин дзюдочу Бекболот Токтогонов көтөрүп чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talas0707
2018-09-02 11:45:30
Азаматтар! Бул жагы да жаман эмес 20 медаль.
+3
Dembele84
2018-09-02 13:36:05
Кытайлар ээ кытайлар,132 алтын дейт го ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан