Чолпон-Атада шаарындагы ат майдандын алдына "Кош бол, Гүлсары" деп аталган эстелик ачылды. Аталган эстелик композициясы бүгүн, 2-сентябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ачылды. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, жазуучунун уулу Аскар Айтматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
"Кош бол, Гүлсары" эстелиги улуу жазуучунун чыгармасынын негизинде орнотулду. Чыгарма 1967-жылы Москва шаарындагы басмаканалардын биринен "Прощай, Гульсары" деген ат менен жарыкка чыкса, кийин элге төрт аты менен тараган: биринчиси – "Кош, Гүлсары" ("Прощай, Гульсары"), экинчиси – "Жаныбарым, Гүлсарым", үчүнчүсү – "Гүлсарат", төртүнчүсү – "Гүлсары".
Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь өлкөлөрүндө аны аты берилген көчөлөр пайда болуп, Австрия өлкөсүндө да эс алуу багында Айтматовдун бюсту орнотулган. Ал эми эл аралык "Түрксой" уюму 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаган.