III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик журналисттер келди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына рекорддук сандагы чет элдик журналисттер келди. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 50 мамлекеттин журналисттери келген.

"Бул ири масштабдагы иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 мамлекеттен 500дөн ашуун журналист келди. Бул мурунку өткөн оюндарга келген журналисттердин санына салыштырганда алда канча көп. Алардын арасында АКШнын, Орусиянын, Түркиянын, Япониянын эң алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар", - дейт Темирбекова.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан баштап 8-сентябрга чейин уланат. Оюндардын маданий бөлүгү Кырчын жайлоосунда орун алса, спорттук мелдештер Чолпон-Ата шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2018-09-02 15:09:49
Эми жакшы жактарыбызды көрсөтөлү бүткүл дүйнөгө
+2
asash
2018-09-02 15:11:20
Тынч аман откоруп алалы, эми, туура эле болуптур кийинкисин туркторго берип
+2
aydinnur
2018-09-02 16:07:55
Оо, жакшы.. жакшы.. Атамбаевдин эмгеги кайтыптыр..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан