III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов бүгүн, 2-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында ыкчам штаб түзүлүп, ага укук коргоо органдарынын жетекчилери, Ысык-Көл жана Чүй облусунун жетекчилери кирди.
"Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын план иштелип чыкты. Иш-чаралар өтчү ар бир аймакта жумушчу топтор иштеп жатат. Өзгөчө көңүлдү жол коопсуздугуна бөлүп жатабыз. Ошондой эле көл жээгинде өтө турчу ар кандай иш-чараларда суучулдардын атайын тобу нөөмөт кылышат", - деп билдирди Боронов.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатын 2-сентябрдан тартып 8-сентябрга чейин Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда 9 блок-пост өз ишин баштайт. Аталган посттордо Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору айдоочуларга белгиленген маршрут боюнча багыт берип турушат.
Ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик жарандар жол коопсуздугу, унаа жолдору жана унаа токтотуучу жайлар тууралуу 1262 номерине чалып биле алышат. Аталган номер күнү-түнү кызматта болот.