III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча 12 курама команда күч сынашат. Бүгүн, 2-сентябрь күнү чүчү кулак тартышууда 12 команда 4 тайпага бөлүнүп ойномокчу болушту.
Чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Кыргыз, Алтай жана Монголия курамалары, "Б" тайпасына Москва, Кытай жана Ооганстан, "С" тайпасына АКШ, Казакстан, Красноярск, "Д" тайпасына Башкортостан, Франция жана Өзбекстан курамасы кирди.
Көк бөрү боюнча беттештин биринчи оюну 3-сентябрь күнү саат 9:30да Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда орун алат. Анда "А" тайпасындагы Кыргыз курамасы менен Монголия курамасы беттешет.