Кыргыз өлкөсүнө 1-сентябрда өзүнүн расмий иш сапары менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келди. Түрк элинин башчысын жубайы, ханайым Эмине Эрдоган коштоп келди. Эки мамлекеттин президенттери өлкө аралык мамилелерди талкуулап, бир катар келишимдерге кол коюшту. Бул арада Кыргыз өлкөсүнүн биринчи ханайымы Айгүл Токоева менен Эмине Эрдоган бир катар иш-чараларга катышканга үлгүрүштү.
Алардын бири кечээ, 2-сентябрда Улуттук китепканада ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор. Аталган иш-чарада тартылган ханайымдардын сүрөттөрү коомчулукта, айрыкча интернет айдыңында көптөгөн пикирлерди жаратты.
Социалдык тармактардын колдонуучулары 2 ханайымдын жарашыктуу кийимдерин, ошондой эле кол кармаша жетелеше басканын талкуулашты. Көпчүлүк колдонуучулар аларга жоолук жарашып турганын жазышууда.