Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммити башталды. Иш-чара "Рух-Ордо" комплексинде өтүп жатат.
Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан саммитке катышуу үчүн жыйын залына кирип кетишти.
Саммитке Мирзийоев менен Орбан сыйлуу конок катары чакырылган.
Жыйынды аксакал катары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ачып берди. Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков баяндама жасоодо.