Түрк тилдүү кеңешинин саммитине Өзбекстандын президенти жана Венгриянын премьери катышууда

Өзбекстандын Түрк тилдүү кеңешине мүчө болушу чоң ийгилик. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан саммиттин жүрүшүндө билдирди.

Ал Венгриянын премьеринин да аталган саммитке байкоочу катары келгенин оң баалады. “Өзбекстандын мүчө мамлекет катары Түрк кеңешине кошулуу ниетин бийик баалап, өзүнчө колдогум келет. Бул кадам Түрк кеңешинин кеңейишине жана анын эл аралык кадыр-баркын көтөрүүгө жакшы шарттарды жаратат. Алардын кошулуу кадамы кеңешке жаңы дем берет. Европанын так ортосунда орун алган Венгриянын түрк тилдүү тарыхын, каада-салтын, туугандыгын унутпастан саммитке байкоочу катары келгени бизди кубантат”, - деди Жээнбеков.

Иш-чарага Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев менен Венгриянын премьери Виктор Орбан катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан