Бүгүн, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-мелдеш күнүндө медалдардын 18 топтому ойнотулат.
Оюндардын расмий сайты кабарлагандай, спорттук мелдештер алыш жана армрестлинг боюнча өтөт.
Айта кетсек, бүгүн көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы Монголиядан келген атаандаштарын 29:5 эсебинде утуп алышкан.
Күндүн программасы:
Алыш - Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борбору (ФОК);
Армрестлинг - Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борбору (ФОК);
Тогуз коргоол - "Евразия" борбору;
Мангала - "Евразия" борбору;
Овари - "Евразия" борбору;
Ордо - Кырчын жайлоосу.