Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйынында кандай документке кол коюлганы маалым болду

Багдат Амреев"Венгрия аталган кеңештин байкоочу статусуна ээ болду". Мындай маалыматты Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев маалымат жыйынында билдирди.

"Саммиттин жыйынтыгында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин иш пландары боюнча консепция кабыл алынып, Деклорацияга кол коюлду. Мындан ары Венгрия байкоочу иретинде катыша турган болду. Бүгүн аталган өлкө бул даражаны алды. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Бүгүн аталган кеңештин башкы катчысы дайындалды. Ага мени татыктуу деп табышты. Мындай тандоого абдан кубанычтамын", - деди ал.

Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында аталган саммит орун алып ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2018-09-03 14:17:34
Бугунку иш чаранын практика жузундо ашса болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан