Кырчын жайлоосундагы этнофестивалдын ачылышында Венгриядан келген коноктор кыргыздын улуттук оюндарын көрсөтүштү

Бүгүн, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда этнофестивалдын ачылышы өтүүдө.

Кырчын этношаарчасына ар бир облус 11-13төн, ошондой эле ири масштабдагы иш-чарага кызыкдар болгон коомдук бирикмелер, уюмдар дагы катышып, жалпысынан миңден ашуун боз үй тигилген. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында кызыктуу сынактар орун алып, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат.

Салтанаттуу аземге президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Роза Отунбаева келишти. Ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, БАЭге караган Фужейра Эмирлигинин мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Хамад аль-Шарки дагы катышты.

Этнофестивалдын ачылышында "Көчмөн элдин алтын доору" театрлаштырылган оюн-зоок жана кыз-жигиттин "Сармерден" оюну орун алат. Ошондой эле салтанаттуу иш-чарада ар кайсы улуттун кол өнөрчүлөрүнө таандык эмгектер көргөзмөгө коюлду.

15:00. Учурда этнофестивалдын катышуучулары жана көрүүчүлөрү өздөрүнө тиешелүү аймактан орун алууда.

15:13. Этнофестивалдын ачылышы алас айтуу менен менен башталып, сахнага ак элечек кийген апалар арча түтөтүп чыгышты. Андан соң театрлаштырылган бий орун алып, "Көчмөндөрдүн алтын доору" театрлаштырылган оюн-зоок болуп жатат.

15:30. Сахнага Камбар менен Марал атты чаптырып келип, "Камбар" күүсү чертилүүдө. Ал эми күүнүн коштоосунда 100дөн ашуун бийчи кериле бийлеп жатат.

15:37. Сценарий боюнча кыргыз каганы жеңиш менен аман-эсен кайтып келет. Анын жеңишин куттуктап алыскы Араб Эмираттарынан шейх Аль Дулаф жана Толун Айлар конокко келишти. Мындан тышкары каганга алыскы аймактардан коноктор келип жатат. Учурда кагандын төрүнөн Айкут каган, сатуучу Мах-Вандак жана илимпоз Кумар Шива орун алды.

15:45. Улуу кагандын кезектеги коногу монгол элинин Бортон баатыры менен Кытай башчысы Лю Мянь болду. Монгол баатыры каганга саламын айтып, ага 100 араба алтын белек алып келгенин айтты.

15:50. Каскадёрлук топ ат үстүндө ар түрдүү экстремалдуу ыкмалар менен өз өнөрлөрүн тартуулап элди таң калтырды. Андан кийин ат чабыш оюну орун алып, күлүктүн күлүгүн аныктоого кезек келди.

15:55. Кыз куумай оюну кызуу башталып, алгач кыз-келиндер жигиттерден качты. Андан кийин кыздар жете албай калган жигиттерди камчы менен чапканга аракет көрүштү.

16:00. Кыргыз каганынын тоюнда улуттук оюндар көрсөтүлүп, мырзалардын найза сайышы орун алды.

16:05. Кагандын тоюна бүлүк салып душмандын элчиси келип, каганга согуш жарыялап кетти. Согуш тууралуу кабарды уккан эл ант берип, согушка даярдык көрө баштады.

16:09. Сценарийдин жүрүшү боюнча кыргыз каганы душманы менен кез келип, жеңишке жетип, шумкардай эркиндикте канат күүлөдү.

16:16. Согуштан кайтып келген жоокерлердин алдында кыз-жигиттер жеңишти майрамдап бий өнөрлөрүн көрсөтүштү.

16:18. Сахнага алып баруучулар чыгып, театрлаштырылган оюн-зооктун сценарийин түзгөн авторлордун атын атады.

16:20. Алып баруучулар эне тилибизде, расмий тилде, түрк жана англис тилинде көчмөндөр оюндарына келген меймандарга салам айтып, сөз сүйлөө үчүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду сахнага чакырышты.

16:22. Кол чабуулардын коштоосунда сахнага чыккан ажо: "Бүгүнкү кеченин ардактуу меймандары, кечээ, 2-сентябрда баарыбыз чогулуп Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын жасадык. Ачылыш аземине алыскы Европадан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан үй-бүлөсү менен келип отурат. Мындан тышкары Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын президенттери келип отурат. Кечээки жана бүгүнкү театрлаштырылган оюн-зоокту уюштургандарга, анда катышкандарга ыраазычылык билдирем. Эмгегиңерди баалайбыз. Көчмөндөр оюндарын өнүктүрөлү, бекемдейли, дүйнө жүзүнө тараталы. Режеп Тайип Эрдоган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү колго алганына ыраазычылык билдирем!" - деди Жээнбеков.

16:31. Көчмөндөрдүн ынтымагын бекемдеген салтанаттын жүрүшүндө Венгриядан келген коноктор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан кийин сахнаны жаа атуу, бүркүт салуу жана башка оюндарды көрсөтүү үчүн бошотушту.

16:41. Венгриялык коноктор кыргыздын улуттук оюндары делген найза сайыш, жаа атуу, ат чабыш оюндарын көрсөттү.

16:57. Кийинкилерден болуп сахнага Шотландиядан келген меймандар чыгышты. Алар оюнду алыскы аралыкка таш ыргытуу менен баштады. Андан кийин 3-4 метрлик таяк ыргытуу оюну көрсөтүлдү.

17:09. Салтанаттын жүрүшү 7 дубандын ордорлоруна барып, көргөзмөгө коюлган эмгектер менен таанышуу менен уланды. Ошондой эле ар бир ордонун алдында улуттук оюндардын бир нече түрү ойнотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asat17
2018-09-03 15:07:58
Кыргыз Республикасынын жарандары иш чара уюштурууга эле а мамлекеттик денгелдее иш чараны уюштуруу суроттолуш менен эле болбошу керек го деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан